АМИТОЗ
Jump to navigation
Jump to search
АМИТОЗ (а... жана mitos – жип) – интерфазалык ядронун хромосомаларды үзбөй туруп, байламта жолу менен түз бөлүнүшү. Бул кубулуш митоздон тышкары жүрөт. А. клетканын толук бөлүнүшү менен коштолушу мүмкүн. Айрым учурда цитоплазма бөлүнбөстөн, ядронун бөлүнүшү менен эле бул кубулуш токтойт да, эки же андан көп ядролуу клеткалар пайда болот. А. ар кандай адистешкен, жоголууга мажбур болгон ткандарда кездешет. Айрыкча сүт эмүүчүлөрдүн түйүлдүк кабыкчасынын клеткаларында көп жүрөт. А. жолу менен пайда болгон бала клеткалар кайра митоздук циклге кошула албайт. Анда ядро жөнөкөй бөлүнөт.