АМИНФЕНОЛДОР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:44, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АМИНФЕНОЛДОР, NHC6H4OH – кристалл түрүндөгү орг. бирикмелер; мол. салмагы 109. NH2 жана ОН тобунун өз ара жайгашышына жараша 3 изомери бар: орто 174°С, мета 128°С, пара А. Абада о- жана п- А-дун изомерлери кычкылданып, кочкул күрөң түскө өтөт; м-изомери туруктуу. Алар амфотердүү касиетке ээ; к-талар жана жегичтер менен туздарды пайда кылат. о- А. к-танын ангидриддери менен реакцияга кирип, гетероциклдүү бирикмеге өтөт. п-А. күчтүү калыбына келтиргич, оңой кычкылданып, п-бензохинолду пайда кылат. А. метаминсульфокислотасынын Na тузунан, о. эле 4-хлор нитробензолду жегич менен басым астында ысытуудан алынат. Азобоёкторду алууда, сүрөт ишинде, тери боёодо колдонулат.