АМЕРИКА ФУТБОЛУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:43, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АМЕРИКА ФУТБОЛУ – сүйрү топ менен туурасынан 20 чийинге бөлүнгөн төрт бурчтук аянтта (90x49 м) ойнолуучу командалык спорт оюну. Командада 45 оюнчу (чабуулчулар, коргоочулар жана атайын команда) болуп, 11 кишиден ойношот. Оюн 15 мүнөттүк 4 бөлүктөн турат. А. ф. 1869-70-ж. АКШда пайда болгон. 1900-жылдан

АМЕРИКА ФУТБОЛУ 48.png

баштап А. ф. колледж жана ун-ттердин негизги оюну болуп калган. Анын профессионалдык уюмдары уюшулгандан кийин 1921-ж. Улуттук футболдук лига түзүлгөн. Лиганын эң белгилүү мелдеши – Супер Боул (Суперкубок) кубогу жылына бир жолу өткөрүлөт.