АМЕРИКА-ЯПОНИЯ КЕЛИШИМДЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:15, 12 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АМЕРИКА-ЯПОНИЯ КЕЛИШИМДЕРИ. АКШ менен Япониянын ортосундагы алгачкы келишимге 1854-ж. Канагава ш-нда кол коюлган. Келишим б-ча амер. кемелер Хакодато жана Симода портторуна кирүүгө укук алып, 215 жылга созулган Япониянын «жабык эшик» саясаты аяктаган. Кийинки «Япония-америкалык соода келишими» (1858) б-ча АКШ анын аймагында эркин соода жүргүзүү укугун алган. Бул келишимдер Ансэй келишимдери деген ат менен белгилүү. «Жаңы Япония-Америка келишими» (1894) жана «Тафт-Кацура келишимдери» (1895) б-ча АКШ Кореяны Япониянын колониясы катары тааныган. «Рут-Такахира Япония-Америка келишими» (1908) б-ча эки мамлекет Тынч океан чөлкөмүндө статус-квону сактоого жана өз ара аймактык бүтүндүгүн урматтоого, Кытайда соода жүргүзүүдө бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга милдеттенишкен. «Япония-Америка соода келишиминин» (1939) негизинде эки мамлекет өз ара экон. мамилелерин жөнгө салууга аракеттенген. 1940-ж-дын башында Японияда Коноэ кабинети АКШ менен карым-катнашын жөнгө салуу үчүн жаңы сүйлөшүүлөрдү баштоого аракеттенген, бирок алар ийгиликсиз аяктап, 1941-ж. Япониянын Перл-Харборго чабуул жасоосу Япония-Америка согушуна алып келди. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Америка менен Япониянын ортосундагы Коопсуздук келишимине 1951-ж. 8-сентябрда Сан-Франциско ш-нда кол коюлган. Келишим б-ча АКШ куралдуу күчтөрүн жана аскердик базаларын Япониянын аймагында кармап турууга укук алган. Достук, соода жана деңизде сүзүү жөнүндө келишим 1953-ж. 2-апрелде Токиодо түзүлгөн. Ал эки өлкөнүн жарандарына жана компанияларына «улуттук режимди» түзүп, амер. капиталдын Япониянын экономикасына кириши үчүн шарт түзгөн. Өз ара коргонууну камсыз кылууда жардамдашуу ж-дөгү келишимге 1953-ж. 8-мартта Токиодо кол коюлган. 1951–54-ж. келишимдер Япониянын АКШга көз карандылыгын мурдагы бойдон калтырып, эки мамлекеттин ортосунда согуштук союз түзүлгөн. Өз ара жардамдашуу жана коопсуздук ж-дөгү келишимге 1960-ж. 19-январда Вашингтондо кол коюлуп, 1960-ж. 23-июнда күчүнө кирген. Келишим б-ча АКШ куралдуу күчтөрү менен базаларын Японияда кармап туруу укугун узарткан.