АМБУЛАТОРИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:57, 29 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АМБУЛАТОРИЯ (лат. ambulatorius – көчмө,төшөккө жатып калбаган) – элге ооруканадан тышкары мед. жардам көрсөтүп, дарылоочу жана ооруну алдын алуу иштерин жүргүзүүчү мекеме. А-лык жардам оорулуунун жашаган жана иштеген жерине, кайсы мекемеге бекитилгендигине карата жүргүзүлөт. А-нын поликлиникадан айырмасы, мында хирургия, ички оорулар, тиш оорусу (айрым учурда төрөт жана аялдар оорусу, балдар оорусу) сыяктуу негизги адистиктер б-ча гана мед. жардам көрсөтөт. А. оорукана менен бирге же өзүнчө болот. Мында дарылоо иштеринен тышкары ооруну алдын алуу чаралары, санит. агартуу ж. б. иштер кеңири жүргүзүлөт. Элге көрсөтүлгөн бардык

мед. жардамдардын көбү айылдык А-лык мекемелер болгондуктан, алардын мааниси чоң, к. Саламаттык сактоо.