АМЁБАЛАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:08, 29 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АМЁБАЛАР (Amoebina) – жөнөкөйлөр тибинин тамыр буттуулар классына кирүүчү организмдер. Микроскоп аркылуу караганда өлчөмү 20дан 700 мкмте жетет. Дене формасы туруктуу эмес. Тузсуз, кээде деңиз сууларында, ылайлуу көлмөдө, кээ бири жер кыртышында жашайт. Бактериялар, бир клеткалуу балырлар жана майда жөнөкөй жаныбарлар менен азыктанат. Жыныссыз, бөлүнүү жолу менен көбөйөт. Ал кыймылдоо жана азыктануу учурунда цитоплазмалык денесинен убактылуу өсүндү-псевдоподияларды пайда кылат. Алар ошол жалган буттары (псевдоподиялар) менен жылат жана жемин кармайт. Жалган буттары менен кармаган жеминин айланасына цитоплазмадан азык сиңирүү зили бүлүнүп, сиңирүү вакуоласы пайда болот. Азык ошол вакуоланын ичинде эрип, цитоплазмага сиңет. Сиңген азык калдыгы жана суу жыйрылуу вакуоласы аркылуу сыртка чыгарылат. Жашоого оңтойсуз шартта (азыктын жетишсиздиги, суук, көлмөлөрдүн соолушу) А-дын денеси тоголоктолуп, сырты тыгыз кабык (циста) менен

Протей амёбасы: 1- эктоплазма; 2-эндоплазма; 3-синбей калган азык калдыгы (сыртка чыгарылат);
4-жыйрылткыч вакуоль; 5-ядро; 6-азык сиңиргич вакуоль.

капталат. Оңтойлуу шартта циста жоюлуп, А. мурдагы калыбына келет. А-дын жүзгө жакын түрү омурткалуу жаныбарларда мителик кылат.