АЛЬДЕГИДДЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:45, 28 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЬДЕГИДДЕР– орг. радикал (R) ж-a суутек атому менен байланышкан карбонил тобу >С=0 бар орг. бирикмелер классы. А-дин эң жөнөкөй өкүлү – формальдегид (кумурска альдегиди). Алардын мол. массасынын көбөйүшү менен сууда эригичтиги азаят. Окистенүү даражасы б-ча спирттер менен карбон к-таларынын ортосун ээлейт. А-ди окистендиргенде молекуласындагы көмүртектин санына жараша орг. к-талар пайда болот. Өзүнө таандык к-танын атына уйкаш аталат, мис., кумурска к-тасына кумурска

альдегиди (формальдегид), уксус к-тасына уксус альдегиди (ацетальдегид) ж. б. Алар хим. реакцияга өтө жөндөмдүү. Спирттер менен кошулуп ацеталдарды, гидроксиламиндер менен оксимди, гидразин менен гидразондорду, биринчилик аминдер менен азометиндерди (RCH=N – R) пайда кылат. Өнөр жайда СН20 жана NH3төн гексаметилтетрамин (уротропин) алынат. А. спирттерди, метил тобу бар ароматтык углеводородцорду, алкендерди кычкылдандыруу, катализатордун катышуусунда ацетиленге сууну кошуу ж. б. жолдор менен алынат. А. спирттерди, карбон к-таларын, полимерлерди, антиоксиданттарды, дары-дармектерди, ароматтык заттарды, синтездик боёкторду ж. б. алууда колдонулат.
С. Адылов.