АЛЬБИТОФИР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:33, 28 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЬБИТОФИР, кератофир – структуралык түзүлүшү порфир сымал эффузивдүү тоотек. А-дин порфирдик бүртүкчөлөрү ж-a майда кристаллдарынын көпчүлүгү альбиттен турат. Трахит ж-a андезит лаваларынын метаморфизмделишинен пайда болот. Байыркы эффузивдердин арасында дайка, кичине интрузия, майда шток түрүндө кездешет. А. көбүнчө имараттардын дубалын кооздоо үчүн пайдаланылат.