АКУСТИКАЛЫК ЭЛЕКТРОНИКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:59, 21 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКУСТИКАЛЫК ЭЛЕКТРОНИКА ‒ радиосигналдарды иштетүү, сактоо менен кайра өзгөртүү жана аларды эсептөө максатында колдонулуучу түзүлүштөр. Серпилгич толкундардын ылдамдыгы жарык ылдамдыгына салыштырмалуу кичине болгондуктан ультраүн менен гиперүн толкундары начар жутулат. Акустикалык электроника түзүлүштөрү сигналды убакыт ичинде жыштыгы жана фазасы боюнча амплитудасын, татаал сигналды ж. б. өзгөртүп түзүүгө мүмкүндүк берет. Мындай операциялар радиолокацияда, алыскы байланыш техникасында, автоматтык башкаруу системасында, эсептөө машинасында аткарылуусу зарыл. Акустикалык электроникалык ыкмалар кээде өзгөртүп түзүүлөрдү эӊ жөнөкөй аткарууга мүмкүндүк берсе, кээде мындан башка ыкманы колдонуу мүмкүн эмес. Акустикалык электроника түзүлүштөрүндө жогорку жыштыктагы ультраүн жана гиперүн (10 МГцтен 1,5 ГГцке чейинки), көлөмдүк жана беттик акустикалык толкундар пайдаланылат.