АЛЫМОВ Бектурсун

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:47, 21 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЫМОВ Бектурсун (Бек) (25. 8.1930, Чүй обл., Панфилов р-ну, Чорголу айылы – 28. 10. 1998, Бишкек) – публицист, педагогика илимдеринин доктору (1994), КРдин эмгек сиңирген мугалими (1983), Кыргызстан жазуучулар ж-a журналисттер союздарынын мүчөсү. Жалал-Абаддагы педагогикалык окуу жайын (1951), Ош мамлекеттик педагогикалык институтун (1955) бүтүргөн. Ош обл-нын Ноокат, Араван, Жалал-Абаддагы Ноокен р-нундагы мектептерде мугалим, директор, Кыргыз мамлекеттик университетинде ага окутуучу, доцент, профессор (1986). Ал кыргыз адабиятын окутуу методикасынын пайдубалын түптөгөн белгилүү илимпоздордун бири. Көптөгөн адабий-теориялык ж-a методикалык эмгектерди жаратып, өз чыгармачылыгы аркылуу окурмандын философиялык-педагогикалык ой-дүйнөсүнүн, жалпы маданиятынын жогорулашына чоң салым кошкон. Анын калеминен 200дөй илимий эмгектер, окуу китептери жаралган. Орто мектептердин 7-, 8-, 9-класстары үчүн кыргыз адабияты б-ча программалардын, окуу китептеринин ж-a методикалык эмгектердин автору. Б. Алымовдун «Шакиртиме кат» (1981) аттуу көркөм публицистикасы жазылып, «Жараланган жүрөк» фильм-спектакли тартылган. «Өмүр элестери», «Күүнүн сыры» драмалары элдик театрларда коюлган. Бишкек шаарындагы № 39 мектепке анын ысмы берилген.
Эмг.: А.Токомбаевдин чыгармаларын мектепте окутуу. Ф., 1965, 1976; Жогорку класстарда жазуу жумуштарын жүргүзүунүн айрым маселелери. Ф., 1968; Кыргыз совет адабиятын окутуунун айрым маселелери. Ф., 1972; Кыргыз совет адабиятын окутуунун методикасы (жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн окуу китеби.) Ф., 1981; II китеп, Ф., 1991. С. Иптаров.