АЛЫМКУЛОВА Анара Абдыкуловна
АЛЫМКУЛОВА Анара Абдыкуловна (8.03.1971-ж. т., Нарын обл., Тянь-Шань (азыркы Нарын) р-ну, Казан-Куйган айылы) – биология илимд. доктору (2020). К. И. Скрябин атн. КАЧИни бүтүргөн (1993). Эмгек жолун 1993-ж. КР УИАнын Президиумунун жалпы бөлүмүнүн экспедитору болуп баштаган. Кыргыз Республикасынын УИАнын Биология ин-тутунун аспиранты. 2009-жылдан КР УИАнын Биология ин-тунда улук ил. кызматкер. А. – зоология, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы адис. Анын 89 ил. эмгектери, а.и. 5 усулдук сунуш, 6 автордук күбөлүк жана 3 монографиясы жарык көргөн. Эмг.: Ысык-Көл ойдуңундагы кемирүүчүлөрдүн түрлөрүнүн курамы жана алардын эпизоотол. ролу (авторлош). Б., 2020. 132 c. Келгин кемирүүчүлөрдүн түрлөрүнүн Борб. Азиянын экосистемасына таасири (на примере Rattus norvegicus Berkenhout, 1769). 2021. 319 c.