АЛМА кыштагы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:50, 10 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) (Temirkan moved page АЛМА 1 to АЛМА кыштагы) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛМА‒ Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы кыштак. Шайдан айыл аймагынын борбору. Алма каналынын жээгинде. Райондун борбору Масы кыштагынан 6 км түндък-чыгыш тарапта, Жалал-Абад темир жол бекетинен 46 км аралыкта. Деӊиз деӊгээлинен 780 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 2267 (2009). Негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто, негизги, жардамчы мектептер, бала бакча, амбулатория бар.