АЛЛЕРГОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:23, 10 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЛЕРГОЛОГИЯ ‒ медицинанын аллергия ооруларынын пайда болуу себебин, өөрчүү механизмин, клиникалык белгилерин изилдөөчү жана анын алдын алуу методдорун иштеп чыгуучу бөлүгү. Аллергология иммунология менен тыгыз байланышта. 20-кылымдын 1-жарымында бүт дүйнөдө аллергия ооруларынын өсүшүнө байланыштуу Аллергология өз алдынча илим катары бөлүнүп чыкты.