АК-БОСОГО
Jump to navigation
Jump to search
АК-БОСОГО – Ош облусунун Алай районундагы кыштак. Үч‑Дөбө айыл аймагына караштуу. Ош – Хорог автомобиль жолунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Гүлчө кыштагынан 81 км түштүк тарапта. Ош темир жол бекетинен 163 км. Деңиз деңгээлинен 2818 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 1301 (2009); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, ФАП бар.