АЛЕБАСТР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:24, 27 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЕБАСТР (гр. alebaster) ‒ бүртүкчөлүү түзүлүштөгү гипстин бир түрү; ак же ачык мала кызгылт түстө. Минералдуу сууларда, көбүнчө ысык булактарда чөкмө түрүндө пайда болот. Орто кылымда Италия, Францияда Аалебастрдан вазаларды, статуэткаларды ж. б. даярдашкан. Майдаланган гипсти күйгүзүүдөн алынган бириктиргич материалдар да алебастр деп аталып, курулушта, чаптоо жана шыбак ишинде колдонулат.