АТ МАЙДАН
АТ МАЙДАН, и п п о д р о м (гр. hippodromos, hippos ‒ ат жана dromos ‒ чуркоо, чуркоо үчүн жай) ‒ таскактуу аттарды жана күлүктөрдү сыноочу, ат спорту б-ча мелдеш өткөрүлүүчү курулмалардын комплекси; аларды уюштуруучу мекеме. А. м. байыркы замандан (Грекия, Рим) белгилүү. А. м-да көрүүчүлөр үчүн трибуна, калыс мунарасы жана ат чабуу үчүн айланма жолдор болот. Айланма жолдун ортосундагы тегиз аянтта ат спорту б-ча мелдештер өткөрүлөт. Күлүктөр үчүн А. м. жолунун уз. 2000‒2400‒3000 м, туурасы 20‒30 м, таскактуу аттар үчүн уз. 1600, туурасы 20‒25 м болот. Бишкектеги мамл. А. м. (Термечиков көчөсү, 1) 1947-ж. курулган. Негизги аянтында таш көмүр күлү төгүлгөн жорголор жолу (уз. 1600 м, туурасы 18 м), күлүктөр жолу (уз. 2000 м, туурасы 20 м) жана майда шагыл төгүлгөн машыгуу жолу бар. А-да 3 миӊ орундуу трибуна, аймагында аткана; вет. изолятор, вет. дарылоо жайы, устакана, жем сакталчу кампа. жатаканасы бар. А. м.долбоорунун автору ‒ архитектор В. Нусов.