АРАМ ӨРДӨКТӨР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:22, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (5)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАМ ӨРДӨКТӨР (Podicipediformes) – суучул куштар түркүмү. Уз. 22-60 см. Сүзүп жүрүүгө жана чумкууга ыңгайланышкан; куш жүнү калың, куйругу начар өөрчүгөн, буттары тулку боюнун арткы жагында орун алган (кургакта араң басат), таман сөөктөрү менен тырмактары жалпак, ар бир манжасында сүзгүч жаргакчасы бар. Канаттары кыска, суу үстүндө күүлөнүп тез учат. Бул түркүмгө 1 тукум, 6 уруу, 20дай түр кирет. Уюл облустарынан жана кээ бир океан аралдарынан башка бардык жерде таралган. Кыргызстанда 1 түрү кездешет. Не­гизинен тузсуз сууларда жашайт. Кыштоо үчүн түндүктөн түш. жакка оошот, көпчүлүк учурда Каспий жана Кара деңиз жээктеринде кышташат. Тайыз суунун үстүнө салынган уясы калкып

АРАМ ӨРДӨКТӨР 41.png

жүрөт. Моногамдар, 2-8 жумуртка тууп, аларды ургаачы жана эркеги алмак-салмак басат. А. ө. б ал алан басып чыгаруучу куштарга кирет. Майда балыктар, омурткасыздар менен азыктанат. Өзүнүн жүнүн жулуп жеп, аны кайра кулгуп, балапандарына берет. Тузсуз суулардын пестицидцер жана оор металлдар менен булганышына өтө сезгич келгендиктен аны биол. индикатор куш деп аташат. Мунун этин кыргыздар жебейт, ошондуктан «арам» деп аталып калынган. ЖКЭСтин Кызыл китебине 5 түрү киргизилген.