АРАЛАШ ЭГҮҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:21, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАЛАШ ЭГҮҮ – бир эле аянтка өсүмдүктүн эки же андан көп түрүн өстүрүү. Эгилүүчү өсүмдүктөр жана аларды өстүрүү ыгы туура тандалса, жөнөкөй эккенге караганда түшүм арбын алы­нат. Мындай эгүү көп жылдык жана бир жыл­дык өсүмдүктөрдө көп колдонулат, мис., бедени жүгөрү, сулу, арпа менен же бир жылдык өсүмдүктөрдү, мис., кара буудайды, жер буурчак, буурчак менен, арпаны жер буурчак, буурчак менен эгүү. Бул өсүмдүктөрдү эгүү мөөнөтү алар­дын өзгөчөлүгүнө жараша ар түрдүү.