АММОФОС

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:46, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АММОФОС (аммиак жана фосфор) – кош азотфосфорлуу комплекстүү минералдык жер семирткич. Фосфор диаммоний фосфаты кошулган (10% ке чейин) моноаммоний фосфаттан NH4H2P04 турат. Курамындагы азот аммоний сульфаты түрүндө болот, концент. семирткичтердин катарына кирет: N 11-12%, Р205 46-60%. Аммиакты фосфор к-тасы менен нейтралдаштырып алышат: NH3 + Н3Р04 = NH4H2P04. Агрономиялык баалуулугу жогору, комплекстүү жер семирткичтердин эң таасирдүүсү. Түрдүү топуракта негизги жана кошумча жер семирткич катары колдонулат, к. Комплекстуу жер семирткичтер.