АСПАРАГИН КИСЛОТАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:43, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСПАРАГИН КИСЛОТАСЫ-- HOOCCH2CH(NH2)COOH ‒ түссүз кристалл, мол. м. 133,1; б. эрүү t 300 °C, сууда начар эрийт, орг. эриткичтерде эрибейт. А. к. организмде кайра аминдөөдө, мочевина, пиримидин негиздеринин биосинтезинде чоӊ мааниге ээ. Көпчүлүк организмдерде эркин түрүндө жана белок курамында кездешет. Анын анализи жана бөлүп алуу жолдору Са жана Ва туздарынын эрибестигине негизделген. Ал пептиддерди синтездөөдө, башка амин к-талар менен бирге тамак-ашта колдонулат.