АКЫНБЕКОВ Куттубек Усенбаевич

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:25, 22 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКЫНБЕКОВ Куттубек Усенбаевич (1950-жылы туулган, Талас облусу, Бакай-Ата району, Өзгөрүш айылы) ‒ медицина илимдеринин доктору (1998), проф.ессор (1999). КММИни (1973), жогорку партиялык мектепти (1980) бүтүргөн. КММИде ассистент, доцент, клиникалык изилдөө лабор-аториясынын башчысы болуп иштеген. 1998‒2001-жылдары КММАда кафедра башчы, 2001‒04-жылдары КММАнын Коомдук саламаттык сактоо институтунун директору, 2004-жылдан кафедра башчысы. Илимий эмгектери гигиена, эмгек физиологиясына, социалдык гигиена жана саламаттык сактоону уюштурууга арналган. 100дөн ашык илимий эмгектери, анын ичинде 1 монография, 4 окуу китеби жарык көргөн.

Эмг.: Актуальные вопросы и физиологии горного овцеводства (авторлош). Б., 1996; Практикум по медицинской статистике. Учебно-метод. пособие (авторлош) Б., 1999; Организация медицинской помощи работникам отгонного животноводства на современном этапе. Метод. реком. Б., 1995.