АТРЕК
Jump to navigation
Jump to search
АТРЕК‒ Иран менен Түркмөнстандагы дарыя (айрым жери Иран менен Түркмөнстандын чек арасы аркылуу агат). Уз. 669 км, алабынын аянты (тоолуу бөлүгү) 27,3 миӊ км2. Копетдагдан (Иран) башталып, Каспий деӊизине (суу кирген мезгилде гана) куят. Негизги куймасы ‒ Сумбар (оӊ). Суусунун орт. чыгымы Кызыл-Атрек шаарчасынын тушунда 9,2 м3/сек. Сугатка пайдаланылат.