АКТОО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:11, 20 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКТОО ‒ сот тарабынан соттолуучунун күнөөсүз деп табылышы. Актоонун кеӊири тараган түрлөрүнүн бири-- актоо өкүмүн чыгаруу. Актоо өкүмү сот отурумунда иш каралгандан кийин соттолуучуну күнөөлөгөн кылмыштын далилдери аныкталбаса, анын аракетинде эч кандай кылмыштын курамы болбосо чыгарылат (к. Өкүм). Актоо өкүмү үч бөлүктөн турат: кириш бөлүгү, баяндоочу бөлүгү жана корутунду. Кириш бөлүгүндө өкүм КРдин атынан кайсы сот тарабынан, кандай курамда, качан, кайсы жактардын катышуусу менен кимге карата, коюлган кайсы айыптын негизинде чыккандыгы көрсөтүлөт; баяндоочу бөлүгүндө айыптын маӊызы, иштин жагдайы, Актоо өкүмүн чыгарууга негиз болгон далилдер, айыптоочу тарабынан коюлган далилдердин эмне себептен жокко чыгарылышы көрсөтүлүүгө тийиш; корутундуда соттун кабыл алган чечиминин формулировкасы чагылдырылат. Бул бөлүккө соттолуучунун фамилиясы, аты, атасынын аты жана аны актоо тууралуу соттун чечими, мындан тышкары коргоо чарасын өзгөртүү, мүлктү конфискациялоого доо, буюм далилдери, соттук чыгымдардын бөлүштүрүлүшү көрсөтүлөт. Соттун өкүмүнө карата арыздарды келтирүү тартиби көрсөтүлөт, жыйынтыгында кылмыш иш кыскартылат. Башка өкүмдөрдөн айырмаланып, Актоо өкүмү күчүнө киргенге чейин эле аткарыла берет. Актоо өкүмү чыгарылса, соттолуучу ошол замат камактан бошотулат. Акталган адам соттолгон болуп эсептелбейт.
А. Шаршеналиев.