АКТИВДҮҮ ЧӨЙРӨ
Jump to navigation
Jump to search
АКТИВДҮҮ ЧӨЙРӨ‒ бөлүкчөлөрдүн (атом, молекула, ион) энергетикалык абал боюнча теӊ салмаксыз бөлүштүрүлүшү жана энергия деӊгээлинин кеминде бир түгөйү үчүн жыштык инверсия аткарылуучу зат. Эгерде кванттык күчөткүч коэффициентии Активдүү чөйрөдө энергиянын азаюу (жоготуу) коэффициентинен көбүрөөк болсо, анда Активдүү чөйрө аркылуу өтүүчү резонанстык электр-магниттик нурлануусу күчөйт. Активдүү чөйрө кванттык электроникадагы приборлордун (кванттык күчөткүч, кванттык генератор) негизги элементтеринин бири. Атомардык жана молекулалык газдар, жарым өткөргүчтөр жана плазма активдүү чөйрө болушу мүмкүн (к. Лазер, Мазер).