АТМОСФЕРА БАСЫМЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:21, 9 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АТМОСФЕРА БАСЫМЫ‒ атм-дагы абанын жер бетине жана андагы бардык нерсеге болгон гидростатикалык басымы. А. б. ‒ атм-нын абалын мүнөздөөчү негизги чоӊдук, атм-нын ар бир чекитиндеги басым анын жогору жагындагы абанын салмагы менен аныкталат. Бир литр абанын салмагы 1,2928 г, ал 1 см2 аянтка 1033 г басым жасайт. А. б. барометр же гипсотермо метр менен өлчөнөт. Ал миллибар (мбар), ньютондун чарчы метрге болгон катышы (н/м2) же 0°Сге келтирилген барометрдеги сымап мамычасынын бийиктиги (760 мм) жана оордук күчүнүн ылдамдануусунун нормалдык (деӊиз деӊг. жана 45° кеӊдик б-ча) чоӊдугу менен туюнтулат. Кабыл алынган нормалдуу А. б. 760 мм сым. мам. =1013,25 мбар =101325 н/м2. Бийиктик жогорулаган сайын А. б. азая берет: 5 км бийиктикте А. б. жер бетиндегиден эки эсеге аз. Ал жер бетинде ар кайсы жерлерге жана убакытка жараша өзгөрүп турат. Бирок түрдүү өзгөрүүлөргө (циклон ж. б.) карабастан, жер бетиндеги жылдык орт. А. б. бир калыпта болот. Деӊиз деӊгээлиндеги бийиктикте байкалган эӊ төмөнкү басым 584 мм, эӊ жогорку 808,7 мм.