АТЛАНТИКА БОЮ ОЙДУҢУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:54, 6 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АТЛАНТИКА БОЮ ОЙДУҢУ-- Түн. Америкада. АКШнын Атлантика жээгиндеги Нью-Йорктон Флоридага ж. а-нын түш. четине чейин созулуп жатат. Жазылыгы 30дан 350 кмге чейин. Акиташ тегинен жана кумдуктан турат. Жеринин бети жайпак (бийикт. 100 мге чейин), жээги саздуу. Климаты субтропиктик муссон тибинде, Флориданын түштүгү тропиктик, мырза карагай жана эмен өсөт, саздуу. Пахта, тамеки, жемиш багы өстүрүлөт. Негизги ш.: Нью-Йорк, Филадельфия, Балтимор, Вашингтон.