АКТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:02, 19 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКТ ю р и д и к а л ы к ‒ расмий документ; мамлекеттик органдар, кызмат адамдары тарабынан алардын компетенциясынын чегинде кабыл алынган, милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон документ. Мындан тышкары дипломатиялык Акт, ревизиялык Акт, агрессиялык Акт сыяктуу түрлөрү бар. Юридикалык Акт мыйзам тарабынан бекитилген формада кабыл алынат жана кайсы мамлекеттик орган же болбосо кайсы кызмат адамдары тарабынан кабыл алынгандыгына жараша төмөндөгүдөй аталышы мүмкүн: мыйзам, указ, токтом, приказ, буйрук, инструкция, өкүм, чечим ж. б. Юридикалык Актылар укуктук маалыматтын мүнөзүнө жараша төрт негизги топко бөлүнөт: 1) нормативдик Актылар жалпыга тиешелүүлүгү менен мүнөздөлөт, буларга бардык нормативдик укуктук Актылар, укуктун булактары жана формалары кирет; 2) жеке мүнөздөгү чечимдер камтылган Актылар. Бул Актылар конкреттүү мүнөзгө ээ жана милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш, ошондой эле алардын негизинде субъективдүү укуктар, юридикалык милдеттер пайда болот, такталат, өзгөрүлөт жана күчүн жоготот; 3) юрид. фактыларды чагылдырган Актылар. Мисалы, жер участогун бөлүп берүү актысы, курулуш актылары, табигый кырсыктын айынан зыян келген мүлккө карата түзүлгөн актылар ж. б., 4) далил фактыларды чагылдыруучу Актылар. Бул категориядагы Актыларга ар түрлүү процессуалдык документтерди киргизүүгө болот. Мисалы, тергөө учурунда түзүлгөн протоколдор, токтомдор.
А. Шаршеналиев.