АКСЕЛЕРОМЕТР
Jump to navigation
Jump to search
АКСЕЛЕРОМЕТР (лат. accelero ‒ тездетем жана ... метр) ‒ транспорт машинелерин, кыймылдаткычтарды ж. б. сыноо учурунда, космостук учуучу аппарат, ракета, самолёт ж. б. кыймылга келүүчү объектилерде пайда болгон ылдамданууну өлчөөчү прибор. Кыймылдын түрүнө жараша ал сызыктуу жана бурчтук; иштөө принциби боюнча механикалык, электр-механикалык; арналышы боюнча ылдамданууну өлчөгүч Акселерометр деп айырмаланат.