АКРИЛНИТРИЛ
Jump to navigation
Jump to search
АКРИЛНИТРИЛ, в и н и л ц и а н и д, СН2=СН-CN - органикалык бирикме, акрил кислотасынын нитрили, мол. м. 53,06, кескин жыттуу, түссүз, ууландыргыч суюктук, кайноо t 77,3°С. Аба менен А‑дин 3,05 жана 17,0% көлөмдөгү кошулмасы жарылгыч. Суу, бензол, метанол, СС14 менен азеотроптук кошулманы, оңой полимерленип полиакрилнитрилди пайда кылат. Бутадиен, стирол, винилхлорид ж. б. менен сополимерлешүү реакциясына кирет. Өнөр жайда пропилен менен аммиактын аралашмасын катализатор менен кычкылдандыруудан жана ацетиленге синил кислотасын таасир кылуудан алынат. Ал полиакрилнитрил буласын, бутадиеннитрил каучугун, цианэтил ж. б. өндүрүүдө колдонулат. Акрилнитрил денени дүүлүктүрөт, териге оңой сиңет, анын уулантуу таасири цианиттерге окшош.