АКНАЗАРОВ Бекболсун

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:28, 19 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) (Temirkan moved page АКНАЗАРОВ 1 to АКНАЗАРОВ Бекболсун) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКНАЗАРОВ Бекболсун Камчыбекович (1961­-жылы туулган, Ош облусу, Кара‑Кулжа району, Карагуз айы­лы) – ветеринария илимдеринин доктору (2001), профессор (2001). К. И. Скрябин атындагы айыл чарба институтун (1985), Москва ветеринария академиясынын аспиран­турасын (1988) бүтүргөн. КАЧИде ассистент, до­цент, кафедра башчысы, 2000‑жылдан декан, 2003‑жылдан институттун директору. Ветеринардык иммуно­логия, акушерлик жана малды көбөйтүү техно­логиясы боюнча адис. Ал 30 дан ашык илимий эмгек­тин автору. Эмг.: Этнопатогенез и реабилитация патологий органов размножения у коров и тёлок. Б., 2000.