АККРА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:09, 18 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АККРА – Гана Республикасынын борбору, өлкө­дөгү эң чоң шаар. Калкы 2,3 млн (2018). Гвинея булуңундагы порт. Темир жана автомобиль жол­дор тоому, эл аралык аэропорту бар. Өлкөнүн соода, өнөр жай жана маданий борбору. Металл иштетүү, текстиль, тактай тилүү, тамак‑аш өнөр жайлары; электр жабдууларын чыгаруучу завод иштейт. Кустардык жол менен алтын жана күмүш буюмдары жасалат. Алмаз жана какао‑буурчак сатуучу рынок. Университет, ИА, Улуттук, илим менен техника музейи бар. А. 16‑кылымда негизделген. 1876‑жылдан 1957‑ж. чейин Алтын жээктин резиденциясы, европалыктардын орто кылымда­гы форту болгон.

АККРА44.png