АККОМПАНЕМЕНТ
Jump to navigation
Jump to search
АККОМПАНЕМЕНТ (фр. accompagnement – коштоо) – музыкалык коштоо. Аккомпанементтин эки түрү бар: солистти, аспапчыны же аткаруучулардын тобун (ансамбль, хор) музыкалык жекече аспап (рояль, баян, гитара, комуз ж. б.) же бир нече аспап (ансамбль, оркестр) менен коштоо. Кээде ырчыны хор да коштойт. Аккомпанемент ырчыга, аспапчыга гармоникалык жана ритмикалык жөлөк болуп, чыгарманын мазмунун, көркөмдүгүн терендетет.