АКЕРЛОФ Джордж
Jump to navigation
Jump to search
АКЕРЛОФ Джордж (17. 6. 1940-жылы туулган, Нью-Хейвен) – америкалык экономист. Информациялык экономика, макроэкономика, эмгек экономикасы, кайчылаш экономика жана социалогия тармактары боюнча эмгектердин автору. Негизги эмгеги – “Лимондор “ рыногу: сапаттын белгисиздиги жана рынок механизимдери”, мында ал колдонулган автомобилдер рыногун мисалга келтирип, бул акыры рыноктун жабылышына же сапаты начар продукциялардын чыгарылышына алып келерин изилдеп экономикалык анализ чыгарган. Новель сыйлыгынын ээси (2001, М. Спенс жана Дж. Стиглиц менен бирге).