АКВАТИНТА
АКВАТИНТА, (итал. acquatinta; лат. aqua – суу, tinto – түс) – терендетилген гравюранын бир түрү. Металл тактанын бетине асфальт чайыры же
канифоль күкүмдөрү (көп учурда экөө тең) менен тегиз себилип, ысытылат; күкүмдөр тактанын үстүнө майда чекитчелер болуп бекип калат. Ушундай жол менен пайда болгон чекмелик кыртышка (грунтка) сүрөт түшүрүлөт. Кислотага туруктуу лакты жебилгенин жардамы менен тартылган нерсенин ак бойдон калчу жерине сүйкөшөт жана тактаны кислотага салуу менен аны акырын оюп алышат. Бул ыкманы көп жолу кайталоо менен сүрөттү карартышат жана терең такты алышат. Акватинтанын гравюрасын жасап жаткан учурда кислота күкүмдөрүнүн арасындагы көрүнгөн металл бөлүкчөлөрүн эритет жана тегиз эмес, одуракай үстүңкү бетке ээ болот, ал тактардан көчүргөндө ар кандай деңгээлдеги, түстөгү тактарды берет, к. Тереңдетилген гравюра. Көчүрмөдө А. тушь же акварель менен тартылган сүрөттү элестетет. Аквантинтанын техникалык ыкмалары менен материалдарын өзгөртүп жиберүүчү бир нече жасалыш ыкмалары бар. Акватинта 17‑кылымдын 60‑жылдарында Францияда пайда болгон. Көп учурда аны репродукциялык техника катары пайдаланышкан.