АКАБА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:56, 1 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКАБА (Эль-Акаба) – Иорданиянын түштүк-батышындагы шаар. Эль-Акаба мухафазасынын администрациялык борбору. Калкы 100,7 миң (2003). Кызыл деңиздеги Акаба булуңунун жээгинде жайгашкан. Порт (жыл сайын 20 млн т) жүк ташылат. Эл аралык аэропорту бар. Темир жол бекети. Соломон падышачылыгынын убагынан бери маанилүү шаар катары (Элат деген ат менен) белгилүү. Эдома (Идумен) байыркы өлкө Палестинадан түштүктө жайгашкан. Римдиктердин тушунда Элана аскерий шаарчасы, византиялыктардын мезгилинде (4-кылым) епископтордун резиденциясы болгон. Шаар 7-кылымдан Меккеге зыяратка баргандардын жолундагы токтоп өтүүчү маанилүү жай. 20-кылымдын башынан жолдор тоому маанисин жогото баштаган. Экономикасы 1980-жылдан тездик менен өнүгө баштады. Шаар Ирактан импорттолгон товарларды кабыл алган негизги порт. Бул БУУ санкция киргизгенге чейин (1991) уланган. 2000-жылдан атайын экономикалык зона. Курорт.