АТ-ЖАЙЛОО КАЛАЙ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:30, 6 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АТ-ЖАЙЛОО КАЛАЙ КЕНИ--Ысык-Көл обл-нун Ак-Суу р-нунда, Эӊилчек кыш-нын түш.-чыгыш тарабында, Эӊилчек жана Кайыӊды өрөөндөрүнүн аралыгында. 1961-ж. табылган. Кен аймагын силур мезгилинин башталышында пайда болгон акиташ, сланец тектери жана аларды жиреп чыккан пермдин интрузия тектери түзөт. Чөкмө тектер метаморфизмделген мрамор менен роговикке айланган. Кенташ (руда) негизинен интрузия нын экзо- жана эндоконтактыларындагы карбонаттуу тоотектерде топтолгон. Ал граниттин апофизин бойлой тарам, уя, линза түрүндө жатат. Айрым тарамдардын уз. 40‒140 м, калыӊдыгы 1,8‒3,8 м. Минералдык курамы б-ча кварц-турмалиндүү, молибдендүү, касситерит-сейрек металлдуу, касситерит, вольфрамит, халькопи рит ж. б. Кенташтагы калайдын орт. өлчөмү 0,5‒1,5%. Андан башка флюорит ‒ 52,5%, күмүш ‒ 18,5 г/т, висмут ‒ 0,026% кездешет. Кенташтын эсептелген запасы С2 категориясы б-ча 974, 5 миӊ т, калай металлыныкы 11,3 миӊ т.