АРХИМЕД

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:37, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРХИМЕ́Д ― (болжолу б. з. ч. 287 – 212, Сиракузы ш.) – байыркы грек илимпозу, математик жана механик. Статика менен гидростатиканы негиздөөчү. Ил. иштерин механик жана техник катары баштаган. Беттер аянтынын, ар кандай нерсе жана фигуралардын көлөмүн табуу методун өркүндөткөн. Ал физика-математика илимд. алгачкы окумуштуусу, механиканы илим катары түзүүчүлөрдүн бири. Ага ар түрдүү тех. ойлоп чыгаруулар тийиштүү. Ал π санынын маанисин өтө тактыкта эсептеп чыккан жана нерсенин оордук борборун тапкан. Рычагдар законун матем. жол менен чыгарган. Анын акыркы эмгеги сууга матырылган нерсенин тең салмактуулугун изилдөө болгон. Архимед винти деп аталган суу көтөргүч механизмди ойлоп тапкан.