АСУНСЬОН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:52, 17 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) (Begay moved page АСУНСЬ ОН to АСУНСЬОН) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСУНСЬОН ‒ Парагвай Респ-сынын борбор шаары. Борбордук округ өзүнчө адм. бирдикти түзөт. Калкы 542 миӊ (агломерациясы менен 1,9 млн, 2010). Парагвай д-ндагы ири порт (ал аркылуу экспорттун 3/4, импорттун 9/10 бөлүгү өтөт). Суу жолу менен Буэнос-Айрес жана Монтевидео ш. менен

Шаар панорамасы.

байланышат. Жолдор тоому. А-дон транс. улуттук автомобиль жолдору ‒ Боливияга (түн.-батышка карай), Аргентинага (түштүккө), Бразилияга (чыгышка) тарайт; Парагвайдагы темир жолдун баштапкы пункту. Эл аралык аэропорту бар. 1537-ж. испан конкистадорлору тарабынан индейлер отурукташкан жерде негизделген. Арх-ра эстеликтери: кафедра собору (1842‒50), ратуша (1604), 17-к-дагы турак-жайлар ж. б. Опера театры (1860, учурда Конгресс сарайы), Улуттук клуб (1860-ж. ченде), Каса-Лопес (кийинчерээк өкмөт үйү), Кудай эне , Асунсьон сыйынуу жайы (1854; учурда Улуттук пантеон) курулган. Парагвай (1927), Гуарани тили жана мад-ты (1975), Парагвай тарыхы, саясий жана социалдык илимдер академиялары, Асунсьон улуттук (1889), Католик (1960) ун-ттери, Улуттук китепкана жана архив (1869), Улуттук асем өнөр (1887), карапа жана асем иск-во (1938), этногр. музейлери (1929) ж. б. бар. А. ‒ өлкөнүн башкы экон. (анын ичинде өнөр жай, финансы) борбору. Өнөр жайынын башкы тармактары: тамак-аш (эт, ун, таруу, кант, суу май, тоӊ май, тамеки, парагвай мате чайын өндүрүү), жеӊил (пахта тазалоо, кебез-кездеме, булгаары -бут кийим), нефть ажыратуу (Сан-Лоренсо), токой (анын ичинде ийлөө заттары), кеме куруу жана курулуш материалдар өндүрүшү. Тейлөө чөйрөсү өнүккөн.