АСКАТАНК ТООЛОРУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:40, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСКАТАНК ТООЛОРУ (лат. Ascatancas mons) – тарыхый топоним. К. Птолемейдин (б. з. 2-к.) маалыматы б-ча О. Азияда жайгашкан. 140° чыгыш уз., 43° түн. кеңдикте меридиан багытындагы Имай тоо системасынан түн.-батышты карай 130° чыгыш уз. жана 49° түн. кеңдикке чейин созулуп жаткан. Байыркы сак уруулары ушу тоолордун эки тарабын мекендеген. А. М. Мандельштам (1957) Аскатанкты Фергана тоо тизмегине, С. Өмүрзаков (1959) Түн.-Батыш Teңир-Тоого туура келет деген пикирге келишкен. Бирок, байыркы топоним азыркы геогр. номенклатурада сакталган эмес. Ал «аска таг» (аска тоо) деген сөздү билдириши мүмкүн.