АК КУУЛАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:48, 15 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК КУУЛАР (Суgnus) – каз сымалдар түркүмү­нүн өрдөктөр тукумундагы уруу. Өңү демейде ак. Узундугу 150 смre чейин, моюнунун узундугу денеси­нин узундугуна барабар же андан да ашат. Чум­кушпайт, суу түбүндөгү жемине жете турган суусу тайыз жерлерди байырлайт. Ак куулардын 6 түрү, анын ичинде КМШ өлкөлөрүнүн аймактарында 3 түрү (ышылдак, куркулдак куу жана кидик куу) кездешет. Ал кооз куш, анын кара түстөгү тү­рү - кара куу (С. atrata) да бар. Кара куунун мекени – Австралия, Тасмания ж. б. Экиден жупташып, көп жыл бою жашашат. Уясына 2–5 жумуртка тууп, аларды эркеги менен ургаачы­сы алмак‑салмак басып чыгарат. Өсүмдүк менен азыктанат. Аларга аңчылык кылууга тыюу са­лынган. Кыргызстанда ышылдак жана куркулдак куулар Кызыл китепке катталган.