АСБЕСТ КЕНТАШТАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:39, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (9), а. и. → <span cat='ж.кыск' oldv='а. и.'>анын ичинде</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСБЕСТ КЕНТАШТАРЫ– асбесттин өлчөмү, буласынын уз. технол. иштетүүгө мүмкүндүк берген жана экон. жактан казып алууга арзырлык табигый чогундусу. Минералдык курамы б-ча – хризотил-асбесттүү (табиятта көп таралып, кеңири пайдаланылганы) жана амфибол-асбесттүү (крокидолиттүү, амозиттүү, антофиллиттүү, режикиттүү, родуситтүү ж. б.) кенташтарга (рудаларга) бөлүнөт. Кендин сапаты минералдык курамынан сырткары отко, кислотага жана жегичтерге туруктуулугу ж. б. касиеттерин аныктаган, асбест буласынын узундугу жана бышыктыгы, проценттик өлчөмү б-ча да бааланат. Россия өндүрүштөрүндө буланын мин. уз. 0,5 ммди, чет өлкөлөрдө – 0,25 ммди түзөт. Кенташта орто булалуу жана кыска булалуу сорттору үстөмдүк кылат. Узун булалуу (текстилдик) сортторунун үлүшү кыйла төмөн. Бышыктык касиети б-ча – нормалдуу (чоюлуу бышыктыгы 300 кг I мм² чейин), жарым-жартылай морт (300–220 кг/мм2) жана морт (220–110 кг/мм2) асбест болуп бөлүнөт. Запасынын өлчөмү б-ча: ири – 5 млн тдан (хризотил-асбест) жана 500 миң тдан ашык (амфибол-асбест), орт. – 5–0,5 млн т
(хризотил-асбест) жана 500–50 миң т (амфиболасбест), чакан – 0,5 млн т (хризотил-асбест) жана 50 миң тдан аз (амфибол-асбест) кендерге ажыратылат. Асбест буласынын дүйнөлүк чалгындалган запасы 223,4 млн т (21-к-дын башталышы), анын ичинде хризотил кенташтарында топтолгону 220,5 млн т, калганы – амфибол тектеринде. Хризотил-асбестин ири запасы – Россияда (Баженов кени, Уралдагы Киембай, Забайкальедеги Молодежный), Канадада (Асбестос - 5 млн тдан ашык; Кинг-Бивер – 3,2 млн т ж. б.), Казакстанда (Жетигара кени ж. б.), Кытайда, ТАР да бар. А-нын дүйнөлүк өндүрүмдүүлүгү (21- к-дын башталышында) 2,5 млн т була (96% хризотил-асбест).