АСБЕСТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:39, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСБЕСТ (гр. asbestos – өчпөс, талкаланбас) - силикаттар классындагы серпентин жана амфибол топторуна кирүүчү ичке, ийилчээк тал-тал булалардан турган минералдардын жалпы аты. Серпентин тобундагы минерал хризотил-асбест деп аталат. Хим. формуласы Mg6[Si4On] (OH)3. Өңү жашыл сымак боз, жибектей жалтырак. Катуулугу Mooc шкаласы б-ча 2–2,5. Буласы ийилчээк, эң бышык, отко чыдамдуу, уз.1–2 ммден 50 ммге чейин. Кендери гидротермдик эриндилердин магнийге бай ультранегиздүү тоо тектерге тийгизген таасиринен пайда болот. Ири кендери Уралда (Сысерт), Казакстанда (Жетикара), Тувада (Акдовурак) ж. б. жерлерде табылган. Амфибол-асбест амфибол тобуна кирет. Буласы өтө ичке, уз. 5 смге жетет. Кендери метаморфизмделген тоо тектер орун алган жерлерде жолугат. А. к-таларга, жегичтерге туруктуу, отко чыдамдуу, жылуулукту өткөрбөөчү буюмдарды жасоодо, пластмасса менен асбест цементин ж.б. даярдоодо жана хим.47 өнөр жайында кеңири колдонулат. Кырг-нда бир нече А. кендери бар: Үкөк (Нарын обл.), Кан, Шураб (Ош обл.), Каркыра (Жалал-Абад обл.).