АРЫК-ТУРУК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:38, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (4), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРЫК-ТУРУК (Aruq turuq, Арык-Тору к) – жердин аты, тарыхый топоним. Махмуд Кашкар «Диван лугат-ит-түрк» (11-к.) китебинде «Арик-Турукту» эки жолу эскерет. Адегенде аны «Фергана менен Кашкардын ортосундагы бийик жердин аты, өтүүгө кыйын бийик жол, даван» деп белгилейт. Азыркы топографиялык карталарда номен «Арктурк суу», «Арык-Торук» ашуу жана «Арык-Торыксуу» болуп эки түрдө кезигет. А. – Махмуд Кашкари мындан 900 жыл мурун жазгандай Фергана менен Кашкардын ортосунда жайгашкан бийик тоолуу (3000–4000 м)' жер. Негизин түш.-батыштан түн.-чыгышка 500 кмге созулган А. суусунун тар капчыгайлуу эки өрөөнү ээлейт. Эки өрөөндүн ортосунда А.-Т. ашуусу (3524 м) жайгашкан. Өрөөндү эки жактан куушурган Алайкуу менен Үч-Таш тоолору. Жайытка ылайыктуусу А.-Т-тун түн.-чыгыш жагы. Бул жерлерди эзелтен кыргыз журту мекендейт. Жол Махмуд Кашкар жазгандай А.-Т. даванын ашып эки тарапты көздөй бет алат. Архивдик документте (1880-ж.) Улуу-Чаттан (азыркы Синьцзян-Уйгур автономиялык району) башталган жол «Арык-Турук» суусун бойлой, Саба-Жарды белин ашып, Алайкууга түшөт деп көрсөтүлгөн. 1885-ж. А.-Т. жери менен түн-.чыгыштан түш.-батышты көздөй орус экспедициясы (Б. JI. Громбчевский, Ф. Касымбеков ж.б.) өткөн.

С.Өмурзаков.