АРХИПЕЛАГ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:53, 31 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРХИПЕЛАГ, т о п а р а л – бири-бирине жакын жайгашкан, жалпысынан бирдиктүү аралдар тобу. Мындагы аралдар пайда болуу шарттары ж-a геол. түзүлүшү б-ча окшош келет. А. материктен бөлүнүп калынышынан (Канадалык Арктика архипелагы), кораллдан (Маршалл а.) ж-a жанар тоонун атылышынан (Гавайи а.) пайда болушу мүмкүн.