АЛФАВИТТИК КӨРСӨТКҮЧ
Jump to navigation
Jump to search
АЛФАВИТТИК КӨРСӨТКҮЧ – алфавит тартибинде түзүлгөн көрсөткүч, б. а. бир алфавиттик катарда жайгашкан аталыштарды, ысымдарды жана буюмдарды бириктирген бирдиктүү алфавиттик көмөкчү көрсөткүч (синонимдер: аралаш, биргелешкен). Айрым авторлор “бириктирилген көрсөткүч” терминин эки бир жактуу көрсөткүчтөрдүн жыйындысы катары чечмелешет, алардын бири ысымдык, экинчиси буюмдук көрсөткүчкө таандык. Бирдиктүү көрсөткүчтөр чет элдик практикада көп кездешет.