АРТЕЗИАН СУУЛАРЫ
АРТЕЗИАН СУУЛАРЫ--(лат. Artesium – Франциянын Артуа деген провинциясынын атынан) – суу өткөрбөөчү катмарлардын арасында жайгашып гидравликалык басым менен жер астында жаткан суулар. Ал суулардын үстүндө жайгашкан суу өткөрбөс тоо тек катмары тешилгенде, А. с. өйдө көтөрүлөт А. с-нын пьезометриялык деңгээли жер бетинен жогору болсо, суулар жер үстүнө өзүнөн өзү агып же атылып чыгып турат.
А. с-н жер үстүнө чыгаруу үчүн бургулап казып, көзөнөк (көзөнөк же кудук) артезиан кудугу жасалат. Ал
калкты таза суу менен камсыз кылууда, сугат иштеринде, минералдуу сууларды алууда пайдаланылат. Мындай А. с. жер үстүнө чыгарган көзөнөкчөлөр Кырг-ндын Чүй, Талас, Фергана
өрөөндөрүндө кеңири пайдаланылат. А. с. көбүнчө антропоген мезгилине чейинки тоо тектерде жайгашат.