АРСЫ СИЕНИТ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:34, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРСЫ СИЕНИТ КЕНИ--Нарын обл-нун Кочкор р-нунда, Кочкор кыш-нан 12 км түндүктө, Кыргыз Ала-Тоосунун чыгыш этегинде, Арсы сайынын сол өйүзүндө. Аймакта карбон мезгилинде пайда болгон сланец, акиташ теги, кумдук жана аларды жиреп чыккан сиенит массиви жатат. Кен массивдеги ири кристаллдуу сиениттен турат. Сиенит бозомук, көгүлтүр жана кызгылт түстө болуп, анортоклаз, биотит, роговая обманка ж. б. минералдардан түзүлгөн. Алардын кубулжуган эң кооз көрүнгөнү – анортоклаз. Ал башка минералдарга караганда чоңураак келин, порфир сымал негизги структураны түзөт. Кристаллдардын уз. 3–30 см. Туурасы 5–10 см. Алардын тоо тектеги өлчөмү 40–50%. Таштын мех. катуулугу 90–107 мПа. Көлөмдүк массадан блок алынышы 50%. I м3 таштан 2 см калыңдыктагы 23–24 жылмаланган такта алынат. Алар имараттардын ички, тышкы дубалын, таманын кооздоп каптоого жарамдуу.