АК-ДӨБӨ ШААР КАЛДЫГЫ
АК-ДӨБӨ ШААР КАЛДЫГЫ – 9–12‑кылымдарга таандык археологиялык эстелик. Чүй облусунун Москва районундагы Степинское айылынын түндүк тарабында, Ак-Суунун жээгиндеги аянтчада жайгашкан. Ал аскер жана бийлик ордосу турган шаар болгон. Шаардын негизги бөлүгү Ак‑Суунун сол өйүзүндө жайгашып, 7500 м2 аянтты ээлейт. Сырткы дубалынын узундугу 15 км, бийикт. 3–3,5 м, калыңдыгы 18–20 м. Дубалдын сырткы айланасы 10 м жазылыкта казылган аңгектер жана жал тосмолору менен бекемделген. Ак-Дөбө шаар калдыгынын борбордук бөлүгүнүн маданий катмарынын калыңдыгы 1,5 мди түзгөн. Ал жерде көптөгөн турак жайлар жайгашкан. Темир бычак, жаа, жебе, көркөм кооздук буюмдарынын калдыктары табылган. А. Н. Бернштам, Н. П. Кожемяко, ошондой эле 1974‑жылы Казак мамлекеттик университетинин окумуштуусу У. X. Шалекенов тарабынан изилденген.
М. И. Москалёв.