АРСТАНБАП

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:36, 1 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРСТАНБАП– Жалал-Абад обл-нун Базар-Коргон р-ндагы кыштак. Арстанбап айыл аймагынын борбору. «Арстанбап-Ата» токой чарбасынын аймагында. Бабаш-Ата кырка тоосунун түш. этегинде, деңиз деңг. 1400 м бийиктикте, Арстанбап суусунун боюнда жайгашкан. Paйондун борбору Базар-Коргон ш-нан 53 км түн.-чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 87 км. 1870-ж. чейин отурукташкан. Калкы 10828 (2009); негизинен токойчулукта эмгектенет. Эки орто мектеп, ФАП, оорукана, клуб, китепкана ж. б. бар. Кыштакка жакын балдардын эс алуу жайы, «Арстанбап» туристтик базасы, «Арстанбап» пансионаты жайгашкан.