АЛТЫМЫШЕВ Арстанбек Алыбаевич

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЛТЫМЫШЕВ Арстанбек Алыбаевич (1930, Чүй обл., Кемин р-ну, Кара-Булак айылы – 2000, Бишкек) – фармаколог, медицина илимд. доктору (1968), проф. (1970), Кыргыз ССР ИАнын академиги (1984; корр. мүчө, 1974). Кыргыз ССРинин илим жана техника б-ча мамл. сыйл. лауреаты (1970). КРдин илимге эмг. сиң. ишмери (1993). 1954-ж. КММИни бүтүргөн. Ошол эле ин-тта ассистент. 1956-62-ж. Семей (Казакстан) мед. ин-тунун жана КММИнин фармакология кафедрасынын башчысы, 1969-жылдан Кыргыз ИАнын Орг. химия ин-тунун лабор. башчысы, 1980-жылдан ин-ттун директорунун орун басары, 1992-2000-ж.

АЛТЫМЫШЕВ 7.png

Биофармакология ин-тунун директору. 250дөн ашуун ил. эмгектин (анын ичинде 46 ойлоп табуунун жана 15 монографиянын) автору. Эмгектери Кыргызстандын дары өсүмдүктөрүн жана физиол. активдүү заттарды изилдөөгө арналган. Ойлоп табууларынын ичинен «Ликорин», «Карагай» бальзамы, «Чынгыз» арча майынын дарылык жакшы касиети б-ча дүйнөгө таанылган. Мындан башка сергитүүчү-дарылоочу ичимдиктер- «Арашан», «Уссурийский», «Сибирь»,«Гобустан» бальзамдары өндүрүштө чыгарылган. Эмг.: К фармакологии группы алкалоидов-производных фенантредина (ликорин, дигеррин, тацеттан, галактин). Семипалатинск, 1959; Лекарственные богатства. Ф., 1974.